Улуттук университетке көз артып, Сыртбай Мусаев эмнени баштады?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет — жогорку окуу жайларыбыздын флагманы. Окуу жайда инновациялык алдыңкы технологиялар окуу процессинде кеңири колдонулат. Обзордук, теориялык лекциялар, семинардык, лабораториялык сабактар кыргыз, орус топторуна бөлүнүп, эки тилде өтүлөт. Университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын жүргүзүүнүн программасы иштелип чыккан. Окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты мамлекеттик тилде окуу китептерин, окуу куралдарын даярдап чыгарышкан. Мисалы, К.М.Мамытов «Стратегиялык менеджмент», С.Б.Бообекова «Элементтердин химиясы», A.Мурсалиев, Т.Ниязов «Жалпы экологиянын негиздери», Г.А.Жантаев, Б.К.Кадырова «Адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы», А.Саадабаев «Дифференциалдык теңдемелердин курсу» деген китептери жалпы республиканын ЖОЖдорунун студенттери үчүн колдон түшкүс китепке айланган. Ал эми автордук коллектив тарабынан даярдалган «Жогорку окуу жайларында жүргүзүлүүчү иш кагаздарынын үлгүлөрү жана орусча-кыргызча сөздүк» 76 университеттин, эки жүздөн ашык техникумдардын, кесиптик орто окуу жайлардын иш кагаздарын жүргүзүүгө чоң салымын кошуп жатат. Мамлекеттик тил мыйзамы жогорку деңгээлде жүзөгө ашып жаткан улуттук университетке КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия текшерүү жөнөтүп, «университетте мамлекеттик тилдин абалы начар» дегенге такап, «…окуу жайдагы мамлеккеттик тилдин абалын 3-4 айдан кийин кайра кароо маселесин сунуштоо менен мамлекеттик тил саясатынын абалы оң жагына өзгөрбөй турган болсо, анда «улуттук» деген статустун зарылдыгы жөнүндөгү суроо күн тартибине коюлат» деп жыландын башын кылтыйткан. Улуттук тил комиссиясынын башчысы, академик Сыртбай Мусаев көрсөтмө бербесе, комиссия статуска кантип асылат? Анан калса «улуттук» деген статусту Сыртбай Мусаев бербейт, бербеген соң ала да албайт. Тил комиссиясынын ишин жөндөй албай жатып, анын бул кылганы «университеттин жетекчилиги начар иштеп жатат, мен барсам оңдойт элем» дегенди бийликке каңкуулап турат. Университеттен окуп, 30 жылдан бери университетте иштеп келаткан Сыртбай Мусаевдин эми минтип өзү суу ичкен кудукка түкүрүп, ага асылып жатканы «жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат» дегендей эле болуптур. Азия Ньюс гезити

Аргумент.kg