Улуттук экзит-пол: президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Беларуста улуттук экзит-полдун жыйынтыгы менен мамлекет башчы Александр Лукашенко 79,7, ал эми Светлана Тихановская 6,8% добуш алышкан. Бул тууралуу мамлекеттик БелТа агенттиги билдирди. Беларус бийлиги бул шайлоого эл аралык байкоочуларды жана демократиялык нормалардын аткарылышын көзөмөлдөгөн европалык түзүмөрдүн өкүлдөрүн катыштырган жок.
Өлкөдө шайлоо өттү деп эсептелинди. Расмий маалымат боюнча саат 18:00гө карата добушканага шайлоочулардын 79% пайызы келди. Шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары бүгүн, 10-августта жарыяланат.
Добушканалар өлкө боюнча саат кечки сегизде жабылды. Беларус басылмалары айрым кишилер добуш берүүгө үлгүрбөй калганын белгилешти.
Жарандык активисттер өз экзит-полун уюштурушкан, алардын жыйынтыктары жарыялана элек.
“Азаттыктын” беларус кызматы чет өлкөлөрдө ачылган 18 добушканадагы көз карандысыз экзит-полго ылайык, Тихановская 70%, Лукашенко 10% добуш алганын жазды.
https://twitter.com/tvrain/status/1292508729364172809?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1292508729364172809%7Ctwgr%5E&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.svoboda.org%2Fa%2F30774508.html
7-августта Беларуста «Настоящее время» телканалынын үч журналисти кармалып, өлкөдөн чыгарылды. 9-августта Минскте «Дождь” телеканалынын кызматкерлери да кармалып, кийинчерээк кое берилген.
Беларуста Александр Лукашенконун дагы бир мөөнөткө шайланышына каршы нааразылык акиялары өттү. Минск көчөлөрүнө миңдеген кишилер чыкты. Күч түзүм кызматкерлери айрым демонстранттарды кармап кетти.
Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Александр Лукашенко бул жолу да шайлоого катышууда. Анын негизги атаандашы — үй кожейкеси Светлана Тихановская. Ал күйөөсү, оппозициячыл саясатчы Сергей Тихановскийди талапкер болууга жеткирбей бийлик камап салгандан кийин саясатка барууну чечкен. Мындан тышкары шайлоого Анна Канопацкая, Андрей Дмитриев жана Сергей Черечень да талапкер катары катышты.

Аргумент.kg