Улукбек Маматаев: «Демократтардан эч качан коркпош керек, алар бийликти басып албайт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Улукбек мырза, «Бириккен демократиялык кыймылдын бүгүнкү күндө коомдо кылып жаткан иш-аракеттери тууралуу уксак дедик эле?

— Биздин Бириккен демократиялык кыймылыбыз Кыргызстанда болуп жаткан ар бир саясый окуяларга өзүбүздүн принципиалдуу көз карашыбызды, позицияларыбызды билдирип, тегерек столдорду өткөрүп жатабыз. Бийликтин туура жасап жаткан иштерин туура деп, ал эми туура эмес жасаган иштерине реакция берүүдөбүз. Учурда Кыргызстандын ар бир облусунан, региондордон адамдар чалып, байланышка чыгып, «сиздердин кыймылга мүчө болуп кирет элек» дегендердин саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Биз алар менен ар дайым тыгыз байланыштабыз.

Мындан сырткары, Конституцияны өзгөртүү боюнча өзүбүздүн сунуштарыбызды тийешелүү жерге бердик. Бул боюнча да «тегерек стол» өткөргөнбүз. Чынын айтсак, Кыргызстандагы саясый акыбал мынчалык туңгуюкка такалган учур болгон эмес. Салыштырмалуу, башка президенттердин тушунда кандайдыр бир жолдор, сүйлөшүүлөр менен чыгып жүргөнбүз. Өзгөчө бүгүнкү бийлик бир учурда эки үстөлгө отурууну көздөп, каатчылык акыбалга келип отурат. Биз алар боюнча да жигердүү иштеп жатабыз.

— Оппозициялык маанайда иш жүргүзүп жатканыңар бийликке жакпай жаткан жокпу, кысым болбодубу дегеним?..

— Жеке мен оппозицияда жүргөнүмө эле 10 жылдан ашты. Көнүп калганбыз. Учурда бири-бирибизден корко турган эч нерсе жок. Биздин оппозициялык маанайдагылардын ашып-ташып жаткан байлыктары, ууру-кескилери жок ушундай бир топ түзүлдү. Андай таза топту коркутуш кыйын. Бийлик коркутуп-үркүтүү менен эч кандай жыйынтык чыкпасын билсе керек.

Мындан сырткары, биз өзүбүздүн ар бир жыйыныбыз да адекваттуу, реалдуу, кризистен чыга турган программаларды жазып, иштеп жатабыз. Мамлекетте төңкөрүш кылуу, же антиконституциялык жолдорго баруу оюбузда жок.

Чындап келсе, демократтардан эч качан коркпош керек, алар бийликти басып албайт, мыйзамсыз иштерге барбайт. Эң оболу «шайлоого даярдык көрүп, Кыргызстандын тарыхында алдыга озуп чыксак» деген максаттарга бел байладык.

Биз кечээ оппозицияда болуп, бүгүн бийликке келгенде оппозицияны басмырлап, баскан жолун унутуп калгандардан эмеспиз.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg