Улукбек Кочкоров: Кыргыз элинин 80% жакырчылыкта жашайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстан элинин 80%ы жакыр жашайт деп айтканга негиз бар. Бул тууралуу мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин «элдин 25,6%ы жакыр жашайт» деп таратып жаткан маалыматы чындыкка дал келбейт.

«Ошол эле Улуттук статистика комитети башка да маалыматты жайылтат, ага өкмөт да, эл да маани бербейт. Ошол маалымат боюнча былтыр адам башына жашоо минимуму  5 356 сом болгон болсо, 80%дан ашык калк андан төмөн алат экен. Демек, ачык эле 80% калкыбыз  жакыр деп айтканга негиз бар. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, күнүнө өзүнө 1,9 доллардан төмөн иштеткен адам жакыр болуп эсептелинет. Ошондо 57 долларды бүгүнкү курс менен эсептесек, баары бир 5-6 миңге барып атат.  6,5 млн элдин 10%ы өтө жакыр болуп, бир адам өзүнө бир айда 1276 сом иштетет. Бул — кооптуу, улуттук генофондго катуу таасир, сокку берген көрсөткүч», — дейт экс-министр.

Аргумент.kg