Улан Үсөйүн: Садыр Жапаров бийликке келгенде “Куугунтук болбойт” деп айткан
Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкекте жүрүш өтүп жатат. Жарандык активист Улан Үсөйүн эки гана талап бар экенин сөз кылды.
“- Биринчиси, Кемпир-Абад биздики, экинчиси, куугунтук токтошу керек. 10 мүнөттөн соң жөө жүрүш башталат. Аянттагы желекке барабыз да ал жерде да өз оюбузду айтабыз дагы тынч тарап кетебиз. Бизге милиция да эрежелерди сактоого жардам берет. Провокацияга алдырбоого чакырабыз. Президенттин өзүнүн сөзүн айткым келет, “Куугунтук болбойт, эч ким камалбайт, экономикалык маселеге көңүл бурабыз” деген”, — деди ал.