Улан Султанов уурдалган 100 миң долларды шериктери менен бөлүшүп алганбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Полковник Улан Султанов Октябрь РИИБни жетектеп тургандагы көптөгөн кыңыр иштерге себепчи болгону, ошолордун ичинен орой көрүнүшүнө токтолсок кантет? Эмесе, суроо салалы: убагында Бишкек шаарынын 6-кичирайонунан батирге уурулук жасалып, 100 миң доллар тонолгону, натыйжада, ал кармалып, бирок башка кишиге кылмыш илингени кандай? Береги чоң сумманы Улан Султанов менен орун басары Азиз Бекназаров (Кашкар Жунушалиевдин аяш уулу), ГОМдун начальниги үчөө бөлүп алышканбы? Кылмыш иши ИИМдин башкы тергөөсүнө алынып, кеп кызыганда эмне болду дейсиңерби? Улан Султанов шериктери менен камалып кетерде жогору жактан таасирдүү адамдар кийлигишип, жаны аман сакталып калганбы? Бул боюнча жабырлануучу тараптан маалыматтар каңкуулана баштады го? Башкы прокуратура, УКМК кызыгып көрбөйбү? “Иттин өлүгү” кайсы жерде жатканын билүү оңой эле да, туурабы?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg