Улан Ниязбеков: Жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме учурунда билдирди.

Анын айтымында,  Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчи камакка алынды.

“Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор РИИБдин эле эмес, бүт Нарын ОИИБдин да жоопкерчилигин катуу карайбыз. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан.

Учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынышты. Кочкор районунун айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын ОИИБ жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз.

Кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирүү учурларын болтурбоо үчүн, жакынкы арада, ар бир ички иштер бөлүмдөрүн, башкармалыктарын деталдуу карап, кадрдык ротациялоо ишин жүргүзөбүз. Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек”, — деди министр Ниязбеков.

Аргумент.kg