Укук коргоочу Адил Турдукулов 8 саясый туткундун абактан бошотулушун талап кылат
27-бештин айы, 2018-ж // //Мен Камчыбек Ташиевдин пикирине кошулам, Отунбаева менен парламенттин фракция жетекчилери жалгыз эле Текебаевдин бошотулушун талап кылган петицияга кол коюшу бул адилеттүү кадам эмес. Аны менен катар чыныгы саясый туткундар: Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбеков, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Максат Кунакуновдор да токтоосуз бошотулушу керек! Тандалма мамиле болбош керек. Булардын баары бийликти сындагандары үчүн куугунтуука кабылышкан.
Адил Турдукулов, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин директору