УКМК: Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-мартында Разаков шаарынын унаа жолунда (Баткен районунун Ак-Татыр айылы) Лейлек районунун 1999-жылы туулган М.у.А. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 03KG620ABM мам.номерлүү автомашина токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын 70 кап аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана жүк “Орто Боз” чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылды.

Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg