УКМК Сарыбашовдун “жасалма дипломун” ачыктаса, калыстык даңкталабы?

УКМК Сарыбашовдун “жасалма дипломун” ачыктаса, калыстык даңкталабы?

19-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Башта Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандуулугу жарыяланып, көпчүлүк катмар тарабынан катуу сынга кабылган. Ага улай диплому жасалма экени айтылып, чуу жаралып, сын-пикирлердин төө бастысына калганы эсиңердеби?

Өзү “лам” деп ооз ачпай, бурчка коргологон мышык сымал кутулуп кеткен. Баарынан элдин маанайы жогору турат эмеспи. Сарыбашовго карата жийиркеничтүү шек жаралганын тана албайбыз.

Учурда УКМК мамлекеттик кызматкерчиновниктердин, депутаттардын дипломдорун текшеришип, туура иштин изине түшкөнү кубандырууда. Албетте, бүйүр кызый турган маселе.

Мындай шартта “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутат Таалайбек Сарыбашовдун “жасалма дипломун” да ашкерелеп, факты менен ачыктап коюшса, бийликтин калыстыгы даңкталабы? Убакыт бар, күтө туралы.

Булак: Азия News гезити