УКМК, ИИМ Максат ажыдан коркпой, туристтерге жол ачпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөндө Максат ажы Токтомушев «эки атанын уул-кыздары үйлөнө берсе болот» деп коомчулуктун сынына кабылган. Андан кийин «Ысык-Көлгө даарат ала бергиле. Гусул кылып, кир жуусаңар эмнеге болбосун?» дегени кандай? Ушунчалык да туркей беле?

Ысык-Көлүбүздү ыйык бермет катары сактоого, элдин ырыскысы сыңарындай туристтерди агылтып, өлкөнүн бюджетин толтурууга кадам салуу керек да. Заманбап пиар-кампанияларды, алгылыктуу чакырыктарды жасап, чет өлкөлүк байларды тартсак жарашпай бы?

Мындай шартта «шантрапа» молдолор тескери үгүт жасап жатышса, кайдагы жылыш ыя? УКМК, ИИМ Максат ажы Токтомушевден коркуп отура бербей, жок дегенде эскертүү жасап, тыйып койсо не? Ансыз да зордукчул, кылмышкер, бузукулардын баары сакалчандардан чыгып жатканы жалганбы?..

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg