УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди таппай жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткен, деп билдирди УКМК. «30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кесиптеши Э.Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио жана видео жаздыруучу жабдыктар табылганын маалымдаган. Бул факт боюнча УКМК текшерүү жүргүзүп, Ж.Акаев, Э.Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар суралган. Ошол эле учурда, Э.Жамгырчиев УКМКга бир нече жолу чакырылган. Азырынча анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жатат. Э.Жамгырчиевдин Кыргыз Республикасынын аймагында жок болушу, анын чек арадан мыйзамсыз өтүп, башка өлкөдө жүргөнүнөн кабар берет», — дейт УКМК. Ушуга байланыштуу УКМК Э.Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдардан УКМКнын нөөмөт бөлүмү менен (0312) 660 475, (0312) 626 504телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Аргумент.kg