Бир жамандыкты сезгендей Даниэл Ажиев чет өлкөгө чыгып кеткен эле. Качан келсе УКМК кызматкерлери суракка алышары каңкууланды. Ал веб-камера, сойкулук жайлары боюнча жооп берсе, милиция кызматкерлерине канча миң доллардан берип турганын да айтабы? “Жинди” деген справкасы бар Даниэл Ажиев соо адамдар башы жетпеген веб-камераларды иштетип, кымбат баалуу машиналарды айдап, ири бизнесменге айланган кербези. УКМК мыйзам алдында анын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, ИИМдеги “крышаларын” камакка алуу аракеттерин көрөбү? Баам сала туралы.
«Азия Ньюс» гезити