Үйлөнө элек жигитке азгырылдым… Балам менен турмушка чыксам батышамбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуш куруп, 9 жыл жашап, тилекке каршы, эки башка жолго түшкөнбүз. Ортодо бир периштебиз бар. Мен чындыгында кайрадан турмуш кургандан аябай корком. Ойлонуп эле “кой ай, өзүң эле тынч жашай бер балаңды багып” деп коём.

Тилекке каршы, бул жашоодо баары биз каалагандай боло бербейт экен. Үйдөгүлөр, туугандар, ж.б. көп айтышат, “кайрадан турмуш кур, бала төрө” деп. Бул сөздөр мага өтө эле катуу тийет негизи (эч кимге оордугумду тийгизбей жашап атсам деле). Азыркы убакта өзүмдөн эки жаш кичүү бала “үйлөнөлү” деп артымдан калбай жүрөт. Үйлөнө элек жигитке балаң менен турмушка чыккан өтө оор болсо керек. Себеби, биздин менталитет башка да. Турмушка чыкпай эле жашай берсең да болот, бирок анын да минус жактарын көрүп, кайрадан бирөө менен болгуң келет. Айтор, ойлорум эки башка болуп жүргөн кезим. Азгырылып…

Жаркын  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg