Саламатсызбы сураныч менин катымды дагы чыгарып бериңизчи. Турмушка чыккам өзүмдүн айылыма. Боюмда болгондо ажырашып кеттик. Бирок эмне болуп ажырашып кеттик баары билет бир айыл болгон үчүн.Аны айткым келбейт . Бирок менден кеткен жок, аны күйөөм дагы кайын журт дагы билет. Ошентип төркүндө төрөдүм , кыз төрөп алдым шүгүр . Кызым 6 жарым ай , өзүм 20дамын . Күйөөмдөн талагым да сурап алдым жакында эле . Кызга да бир кабар алган жок бир айыл болсок да . Эми менин күйөөгө тийгенчекти сүйлөшүп дос болуп жүргөн балдар бар болчу андай баарында эле болсо керек жаш кезде. Үйлөнө элек бала кодумду сурап атат кызым менен алам дейт . Азыр дагы памперс кызга дары пары алып келип берип турат . Мындай карасам жаман ою жок .жумушу бар, үй жайы бар, үйлөнө элек бала. Апасы эжеси эле бар эжеси турмушта . Ал дагы ажырашып 1 кызы менен үйлөнө элек бала турмушка чыккан экен. Апам сага каршы эмес биздин баштан өткөн дейт . Бирок мамилеси аябай жакшы характери да жакшы.Эми үйлөнө элек балага тийсем кийин өкүнүп калбаймбы ? Же ажырашып кеткен эле бала теңим болобу? Ушундай болуп күйөөгө тийип бактылуу жашап кеткендер барбы?