«Үйлөн» деген сөздөн тажадым. Эмне кылсам болот?

«Үйлөн» деген сөздөн тажадым. Эмне кылсам болот?

25-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы! Ишенген жана жакны адамым болгон апам өтүп кетти. Аракет кылып колумдан келишинче иштейм, бирөөгө көз каранды болбой жашагым келет. Мисалы, үйлөнөйүн десем, үй жок, байлыгым жок. Жүрөгүм эңсеген адамга дагы жолуга албай жатам. Убакыттын өтүп жатканы мени коркутууда.

«Үйлөн» дешип жанымды койбой жатышат. Бирок, жактырбаган адам менен жашай албайм. Оюмдагы жубайымды элестеткенде жашоом көркүнө чыгат. Өзүмдү ар дайым күнөөлүү сезем, стресс абалында жүрөм.

Жашым отуздан өтүп калды. Күнөөм сүйүүгө жолуга албай жүргөнүм. Элдин баары эле акыл үйрөтөт. Кантип өзүмдү эркин сезем? Көчөлөп жүргөн тентек эмесмин. Үй-бүлө күтсөм багып кете алам. Учурда курулушта иштейм. Ар кандай кыздар менен тааныштырышат. Сүйбөгөн адамдын жанында жүргөнүмдү элестетсем көңүлүм чөгөт.
http://Bilesinbi.kg