Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев кайрадан шайлоого катышат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 28-ноябрда бир мандаттуу округдан өтө турган парламенттик шайлоого Камчыбек Жолдошбаев өзүнүн талапкерлигин Ленин округунан көрсөткөн.