Үй шартында тишибизди кантип агартабыз?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тиштин кооз, түз жана аппак болгону кимге жакпасын. Анын сулуулугу чоң күтүүнү керек кылат. Оорубай, шурудай тизилгендей түз болушу үчүн дарыгерлерге кайрылабыз, ал эми аппак болушу үчүн кымбат түрдүү тиш пасталарын пайдаланабыз. Же болбосо ашкана содасы да жардамга келет деп да айтылат. Бирок, тиш эмалын бузуп албай, аны менен оңой күрөшүүнүн жолу барбы? Сиздер үчүн тишти агартуунун өзгөчө бир ыкмасын сунуштайбыз. Оңой, тез пайдалуу! Ал үчүн:
Адаттагыдай тишиңизди жууңуз;
Тиш щеткасын жууп, ага бир-эки тамчы чай багын (чайное дерево) майын алып тамызыңыз;
Тишиңизди кайра жууп чыгыңыз;
Эми түкүрүп, оозуңузду чайкаңыз. Сиздин тиш пастаңыз канчалык кирди чыгара албаганын байкайсыз. Бул ыкманы жумасына 2-3 ирет жасап туруңуз. Ар дайым колдонуп турсаңыз, тишиңиздин агарганын байкайсыз. Ооз көңдөйүңүз таза даамданып, тишиңиздин кандай агарганын билбей каласыз.
Майды дарыканадан алсаңыз болот жана милдеттүү түрдө кошулмасы жок болуш керек.
БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg