Ухандыктардан келген кат: “ Жакындарымдын баарын ажал арбап алды, жакында биз да өлөбүз ”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакында эле социалдык баракчалар түйүнүнө Ухань шаарынын тургунунун каты жарыяланды. Анда өлүм менен эриш-аркак жашап, ажал тооруган күндөрдү башынан кечирип жаткан Вэньцзюнь Вандын өмүрүн тобокелге салган күндөлүгү эле. Ал учурда 33 жашта, үй кожейкеси, үй-бүлөсү менен коронавирустун очогу болгон Уханда жашайт.
-Коронавирус эпидемиясы башталган маалда абам каза болду, атам болсо өтө оор абалда жатат. Апам менен чоң апамдан оорунун белгилери табылды. Томографияга түшкөндөн кийин алардын өпкөсү жабыр тартканы белгилүү болду. Бир тууганым дагы күрсүлдөп жөтөлүп, деми кыстыгып жатат.
Атамдын температурасы көтөрүлүп кетип, абалы оор. Кечинде 39,3 градуска чыгып кетти. Биз аны дем алдырган аппарат менен кармап жатабыз. Атама Кытайдын элдик медицинасынын дарыларын дагы, Батыштан келген дары-дармектерди дагы бердик. Ага расмий диагноз коюша элек болгондуктан ооруканага кабыл алыша элек. Анткени тест алган жабдыктар жетишсиз болууда.
Чоң апам менен апам өздөрүнүн абалы жакшы эмес болсо дагы, атама орун болуп калабы деген үмүт менен күн сайын ооруканага барып жатат. Уханда кимден оорунун белгилери байкалса, карантинге жөнөтөт. Андай жайларда инкубациялык мөөнөт бүткөнчө жаткырышат. Карантин жайларында базалык гана шарттар болгондуктан, оор абалдагы кишилерди алышпайт. Ошондуктан атама окшогондорго ал жерден орун табылбады.
Абам ошондой карантин пунктарынын биринде көз жумду. Ал жерде оор абалдагы бейтаптарга жетиштүү медициналык жардам көрсөткөнгө шарт жок. Атам ооруканага кабыл алынат деп үмүттөнөм. Бирок бизге эч ким байланышка чыкпады, жардам сунуштагандар болбоду.
Бир нече ирет социалдык кызматтарга байланышка чыктым. Алар азырынча ооруканага жайгаштырганга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтышты.
Атам менен абам карантин пунктуна жөнөтүлгөндө, биз ооруканага жатты деп ойлоптурбуз. Ал болсо мейманкана болуп чыкты. Дарыгер, медайымдар дагы жок экен. Жылуулук дагы берилбептир. Түштөн кийин барып жатышкан эле. Кечинде гана муздак тамак беришиптир. Абамдын абалы оор болгондуктан, эсин жоготкон. Аны дарыгерлер дароо кароодон өткөргөн эмес. Атам экөө эки башка бөлмөдө болгондуктан, таңкы саат 6:30 гана атам анын бөлмөсүнө келип, каза тапканын билген.
Азыр жаңы ооруканалар курулуп жатат. Ооруканага батпай калгандарды жылдырышат деп айтышты. Эгерде бийлик өкүлдөрүнүн айтканын аткарсак, анда биз карантин жайларынын бирине барышыбыз керек эле. Эгерде биз ошондой кылсак, анда атам дагы абамдын акыбалына түшөт. Андан көрө үйдө эле өлөлү деп чечтик.
Биздей бүлөлөр көп жана аларды дагы биз кабылган эле оорчулуктарды баштан кечирүүдө. Менин курбумдун атасынын дене табы көтөрүлүп барса, карантин жайына кабыл албай коюшуптур. Шаарда ресурстар жетишсиз жана ооруну жуктуруп алгандар көп санда. Биз эртең эмне болот деп, коркуп жатабыз.
Эгерде 23-январда шаар камоодо каларын билгенде, күн мурун эле үй-бүлөмдү алып чыгып кетет элем. Анткени бул жерде эч кандай жардам болбой жатат. –деп баяндаган.
Булак: Kompromiss.kg

Аргумент.kg