Үч балалуу жигитимди кетиргим келбейт,кандай айла табам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен Москвадамын, бир жигит менен жашайм. Ал мени эч сүйбөстүгүн да сезем. Бирок мен жактырып калдым. Аны жакшы көрүп, жанымдан алыстаткым келбегендин айынан, телефон, кийим-кече — баарын алып бердим. Квартиранын акчасын да мен төлөйм. Ал иштен келет телефон ойнойт, тамак ичет, уктайт, кетет. Менин бир да дос кызым жок, жалгызмын, ошон үчүн да байланып калдым окшойт. Эч айрылып кете албай жүрөм. Эми кечээ жакында аялы, үч баласы бар экенин, айылда аны күтүп жашап жатышканын да билдим. Эртеби-кечпи мени таштап балдарына кетет. Бирок мен кетиргим келбейт. Жалгыздыктан корком. Мени азыр туура жолго сала турган эч ким жок. Сиздерден кеңеш сурайм. Айка Арыба.кж

Аргумент.kg