Үч адамдын өлүмү. Мейманканадагы айрым жагдайлар белгилүү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 6-апрелде Бишкектеги мейманкалардын биринде 2 кыздын жана бир эркек кишинин жансыз денеси табылганы маалым болгон.

Каза болгон эркек киши борбор калаанын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан «Дельфин» мейманканасында үч кыз менен эс алып жаткан. Бул тууралуу «Сводка Акипресс» жазды.

Аталган топ 6-апрелге караган түнү алкоголдук ичимдиктерди ичип, синтетикалык баңгизаттарды колдонгон. Кыздардын бири уктап калган, ал эми, калгандары эс алууну улантышкан.

Уйкудан ойгонгон кыз досторунун уктап жатканын көрүп, бирок аларды ойгото алган эмес жана кыздардын биринин оозунан көбүк чыгып калганын байкаган.

Ал жардам сурап мейманкананын администрациясына кайрылган, алар өз кезегинде милиция менен тез жардам кызматын чакырышкан.

Каза болгон 1984-жылы туулган К.В. экени аныкталып, ал эми кыздардын өздүгү такталып жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдар баңгизатты ашыкча дозада колдонушкан.

Аргумент.kg