Үч адамды өлтүрүүгө шектүү жаран Ч.Анын сурак берүү учурундагы сүрөтү социалдык тармактарда жарык көрдү. Ага автор “Бир аялды, балдарын өлтүрүп, экинчи аялды тирүүлөй өлтүргөн зөөкүр, мыкаачыга кандай жаза туура келет”, — деп суроо салган.
Белгилей кетсек, аял кишини, анын бир кызын жана уулун мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы өткөн жумада Бишкек шаарынын 5-кичи районунда орун алган.
Кылмышка шектүү катары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 15 жыл иштеп, пенсияга чыккан. 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына Баткен шайлоо округу боюнча талапкерлигин койгон Ч.А кармалган.