Убактылуу Өкмөт түштүктө кантип бийлигин чыңдаган, же Асилбек Текебаев деген ким?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Расмий маалымат боюнча Асилбек Текебаев журналист, бир канча басылмаларда иштеген. «Сентябрь» телеканалынын негиздөөчүсү, Өмүрбек Текебаевдин бир тууганы. 2012-жылы дүйнөдөн өткөн.
Эми бейрасмий мааоыматтарга келсек, ал атайын кызматтын полковниги деген наамга ээ болгон, 2010-жылдагы түштүктөгү улут аралык, бийлик менен элдин ортосундагы согуштардын активдүү катышуучусу.
Убактылуу өкмөт Бакиевди бийликтен кетирген соң өлкөнү толук башкара албай калган 2010-жылы. Иш жүзүндө алардын бийлиги эл арасында сөз болуп жүргөндөй Төө Ашуудан өтпөй калды. Ошол кезде Убактылуу Өкмөттүн бийлигин чыңдоого Асылбек Текебаев ат көтөргүс зор эмгек кылган.
Кантип дебейсиздерби? Азыр бир баштан айтабыз. Адегенде ата мекенчилерди жана өзбек диаспорасынын нааразы топторун кошуп барып, Бакиевдин Ырыс айылындагы үйүн өрттөткөн. Андан соң бакиевчил деп аталган жаңы бийликтин каршылаштарын нейтралдаштырууга өттү. Бирок Бакиевдин тарапташтары, милиция, эл айыгышкан каршылык көрсөттү. Окуя куралдуу кагылышууга айланды. Максат Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратын ээлеп, губернаторду отургузуу. Антүүгө экинчи тарап жол бербегендиктен Асилбек Текебаев менен анын ишенимдүү аламдары тактиканы өзгөрттү. Өзбек диаспорасынын өкүлдөрүн бакиевчилерге каршы үндөп чыга алды. Аларга эмнелерди убада кылганы жана кантип көндүргөнү бизге албетте белгисиз.
Мен бул жерде бир тарапты актап экинчи тарапты каралайын деген ниетим жок, болгону ошол окуянын катышуучуларынан алынган гана маалыматтарды берип жатам.
Андан аркы окуянын өнүгүшүнө эки тараптын тең салымы бар. Биринчи Асилбек Текебаев тарап ачык эле өзбектерди бакиевчилерге каршы койду, ал эми экинчи тарап аны өөрчүттү. Натыйжада карапайым эл жабыр тартты.
Убактылуу өкмөт ьул согушка өзбек диаспорасын атайын даярдаганы белгилүү эле болуп калды. Буга алды жагына найза кадалып брондолгон камаздардын урушта дароо пайда боло калганы күбө. Анан да согуш бүткөн соң Убактылуу Өкмөт жалаң гана өзбек улутундагыларга гуманитардык жардам берип жатты. Бектур Асанов, Кадыржан Батыров, Асилбек Текебаевдер бул согушту Убактылуу Өкмөттүн тапшырмасы аркылуу чыгарган деген жыйынтык автоматтык түрдө өзүнөн өзү чыгат.
Бул тууралуу эл арасында ар түрдүү сөздөр бар. Түштүк Кыргызстандын баарына Кадыржан Батыровду башкаруучу кылып, өзбек автономиясын беребиз дегенге чейин барышкан деген каңшаар кеп да бар.
Белгилүү журналист Үмүт Мукамбетова студиясына Өмүрбек Текебаевди чакырып, ошол жерде иниңиз Асилбек Текебаевди сизди өлтүрткөн деген кеп бар деп да айткан жери бар. Бул эми ачык эле интернетте турган маалымат. Анда эмне Асилбек Текебаев менен кошо көп сыр кеткенби?

Касымбек Жумаев

Аргумент.kg