Тыт талаасында окуучулар мушташкан,туура тарбия бербеген мугалимдер сөгүш алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзгөн районуна караштуу Ж. Мойдунов атындагы № 11 орто мектебинде окуучулар арасында пикир келишпестик болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган.

Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. “сөгүш”, мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 ”а” класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 “б” класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 “б” класстын класс жетекчиси К. “эскертүү” жазасын алды
Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg