Туруксуз Дамира Ниязалиеваны Ленин округунун шайлоочулары ыза кылышары шексиз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен Дамира Ниязалиева депутат, министр да болгон. Тилекке каршы, жакшылыгын көрүп, “куйругун чычайта түйүп” туруп, сатып кеткени факт. Саясатта туруксуз. Дары мафиясына айыпталып, чуу чыкканы эсиңердеби? Айтор, жүргөн жерине чөп чыкпаган кемпирге айланды. 2021-жылы Жумгалдагы шайлоочулары колдобой, бир мандаттуу Кочкор округунан жыдып калган. Жамы журт Мирлан Самыйкожону көтөрүп кетишкени анык. Карыганда Дамира Ниязалиева тизесин сылап үйүнө да отура албай койду. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, Ленин округунан кайрадан мандат үчүн жанталашып, акчасына таянуу менен аттанган кербези. Бирок азыр шайлоочулар деле кимдин ким экенин жакшы билишет. Ыза кылып коюшпайбы?..

«Азия Ньюс» гезити 

Аргумент.kg