Турсунбек Акун: “Акыйкатчы институту вообще өлдү…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Туке, акыйкатчылыкка сиздин да талапкерлигиңиз көрсөтүлүп жаткан экен. Өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү кандай баалайсыз?

— Эгер шансым жок болсо, өзүмө ишенбесем, талапкерлигимди койбойт элем да. “Жеңип чыгам” деген чоң ишенич бар. Бирок, бут тосуулар болуп атат. Менин документимди Жогорку Кеңештин аппаратында фракцияларга чыгарбай, 5 күн кармап коюшту. Башка бир талапкерди чыгарышып, мен келип уруш-талаш кылгандан кийин гана чыгарышты.

— Ошондо бут тосуу конкреттүү ким тараптан болду дейсиз?

— Жогорку Кеңештин аппаратынан. Ал боюнча атайын арыз жазып бердим. Бейөкмөтчүлөр менен байланышкан экен да. Алар болсо акыйкатчыны бейөкмөтчүлөрдүн штабына айлантканы жатышат. Мен ошого жол бербейин деп чыгып атам. “Ишеним” да, “Ата Журт Кыргызстан” дагы мени колдомок. “Ынтымак” фракциясы кечээ колдоду. “Ишенимдегилер” да “байке, документтериңиз болсо сизди колдомокпуз” дешти.

— Сиз буга чейин акыйкатчы болуп иштедиңиз да, эми жаштарга деле мүмкүнчүлүк бербейсизби?

— Мен кызматтан кеткениме 8 жыл болду. Ошондон кийин келген акыйкатчылар бир дагы доклад тапшырышкан жок. Биздин эң чоң максат – доклад. Эки жаш киши иштеди, анан карысы иштеди. Мен унчукпай эле… Буга чейин койгон жокмун да, туурабы? Акыйкатчы институту болсо вообще өлдү… Азыр разложение болуп атат. Аны на место койбосок болбойт.

— “Мен коё алам” деп ойлойсузбу?

— Эки жолу акыйкатчы болуп иштеген адаммын да. Тажрыйба бар болсо керек…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg