Турсунбай Бакир уулун сакалчандар колдойбу? “Атың чыкпаса жер өрттө” дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутаттыкка өмүр бою талапкер Турсунбай Бакир уулу да Ленин округунан аламанга аттанды. Райондогу оштук жердештери менен сакалчандардын колдоосун алууга ашыгып атабы? Азыр мындай эскиче көз караштардан элибиз оолактап кеткен эмеспи. Адатта көнүмүшкө айлангандай, шайлоочулар коомчулук астында аброю бар лидерге, же акчалуу бай-манапка добуш салышат. Турсунбай Бакир уулу мындай артыкчылыктарга ээ эмес да, туурабы? Анда кантет? Ошон үчүн “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынан колдоо сурап жүргөн чагыбы? “Алыбек алына жараша…” дейт. Тек гана “атың чыкпаса жер өрттө” таризинде катарга кошулуп алуу менен не муратка жетет? Ашыкча убара го…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg