Турсунбай Бакир уулу: «Биздин бийлик талибандар менен сүйлөшүүгө барышы керек»

Мурдагы Жогорку Кеӊештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, Оогандагы кыргыздар үчүн, биздин бийлик талибандар менен сүйлөшүүсү керек дейт. Мындай пикирин ал “Марал” радиосундагы маегинде айткан.

Анын  айтымында, этникалык кыргыздарды колдоо керек, жаңы бийлик аларды капа кылбоого тийиш.
«500 студентке виза берүү боюнча жакшы демилге көтөрүлдү. Алардын катарына этникалык кыргыздарды да кошуу зарыл. Негизинен бул жерде чочубашыбыз керек. Көбү айтып жатат: «бизге эмне кереги бар?» деп. Биз окутсак, өзүбүздү эле колдогон Ооганстандын жарандарын даярдайбыз. 500 студент окуп кетсе, ал жакта жогорку билимдүүлөр аз болгондуктан, барганда жогорку кызматтарга отурушат да, Кыргызстандын саясатын колдойт деген үмүт бар. Ошондуктан бул жерде сөзсүз биздин жетекчилер сүйлөшүүгө барышы керек» , — деди Бакир уулу.
Ошондой эле ал эл аралык милдеттенмелерден тышкары да, этникалык кыргыздарды дайыма колдоп туруу керектигин белгиледи.

Аргумент.kg