Турмушка чыкканыма 10 күн болду.Бирок кыз бойдон жүрөм.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүм 22 жаштамын, жакында эле турмушка чыктым , 10 күндөй болуп калды. Ата энем мажбурлап эле күйөөгө узатып салышты каршы чыга албадым. Ал бала менден 5 жашка улуу, анын да Ата энеси мажбур үйлөнтүрүштү. Жаны үйгө жакшы көнө албай кыйналып жатам, тем более мыноо бала менен бири бирибизге көңүп кетишибиз да кыйын болуп жатат. Тойдон кийин бизде эч кандай жакындашуу боло элек. Бири бирибизден качып эле отдельно жатабыз. Ал да мен да ачык сүйлөшө албай жатабызбы билбейм. Кечинде бир аз ичимдик ичкен экен , жаныма келип, Ата энебиз каалаган каада салтты да аткарып коелубу, же деп туруп калд эле. Ата энем кааласа мен каалабайм десем ал дагы жөн калбай мен дагы каалабайм деп чыгып кетти.Бүгүн эрте менен жумушка кетип баратып кечинде капа кылсам кечир бизге убакыт керек окшойт деди. Ажырашууну ойлобойм атам асып коет.Кенеш бериниздерчи?

Аргумент.kg