Турмушка чыккандан кийин күйөөмдүн 4 аялы экенимди билдим
29-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваТурмуш курганыма 3 жыл болду. Жолдошум бир үйлөнүп ажырашканмын 7 жыл болду, бир уулум бар, аялым турмушка чыгып балалуу болуп кеткен деген. Жакшы адам көрүнгөнүнөн турмушка чыктым. Бирок көп өтпөй анын 4-аялы экенимди, экинчисинен бир уул, бир кызы бар экендигин, үчүнчүсү көп жашабай кетип калганын билдим. Чыр салдым го, бирок кыздуу болуп кайра эле жашай бердим, өткөн иш өттү, мага жакшы мамиле кылат, баары ордунда деп. Кызым 1 жаш болгондо билдим, күйөөм биринчи аялын издеп жаза берет экен. Аялы сөгүп менин турмушум бар деп урушуп, сенден кутулганыма шугур, аялына сабыр тилеймин деп чёрный кылып койсо ар кайсы жерден таап жаза берет экен. Аны унутпаганын, ал төшөктө мыкты экенин жана эч ким сендей болр албайт, сен башкача элен деп жазып ( ар кандай уят сүрөттөр менен) смс жазып…. Мени сыйлайт, сүйөт, подаркалар берет, сүйөм дейт. Эмне кылсам? Аялынан сурадым чалып, ал болсо кутула албай жүргөнүн, азыркы 3 баласынын атасын сүйөөрүн айтып, сенин жолдошун менин турмушумду бузат бул абалында, жолго сал, апасына айт деп жакшы эле айтты. Эмне кылсам экен?