Турмушка чыккам, бирок нике кыйылган эмес…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ар дайым ушул суроону ойлоно берем. Анда сөз башынан болсун. Жаш болуп, «сүйөм, күйөм» десе алданып, боюмда болуп калды. Ал балага турмушка чыктым. Бирок, ал ичимдеги баланы алды тып салды, «дагы балалуу болобуз» деп жоошутту. Жашым жетпеген үчүн бизге нике кыйылбады. Ошентип 7 ай чыдадым. Уруш көбөйдү. Акыры ура турган болуп калды, айла жок, кетип калдым. Эми мени ойлондурган нерсе: эл оозундагы «никеси кыйылып, ажырашып кетиптир» деген сөз. Бирок бизде нике кыйылган эмес. Ошондо мен өзүм үчүн эле «бир эрден чыккан» боломун да, туурабы? Мен жашоону эми түшүндүм. Учурда окууга тапшырып окуп жатам. Жашоодон адашып калганыма өкүнөм. Эжелер, урушпай кеңеш бериңиздерчи? Нике кыйылбаса кандай болуп калат?… Азиза

Аргумент.kg