Турмушка чыгам бирок шейшепти текшерсе уят болуп калуудан корком

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Колунда бар үй-бүлөнүн кызымын. Кичинемден эч нерседен кем болбой чоңойдум. Бирок, кеп башкада.

17 жашымда бир жигит “кыз-жигит” болуу сунушун киргизди. Жаккан жок, баш тарттым. Намыстандыбы билбейм, күчкө салып зордуктап койду. Үйлөнүүгө даяр эмес болгондуктан, башкалардай ала качып дагы ала алган жок. Бул тууралуу эч кимге айткан жокмун. Иштебеген, эч нерсеге жөндөмү жок бала эле. Ата-энемдин акчасына кызыгып, мага жетүү үчүн кыздык намысымды алса керек деп ойлойм.
Экөөбүздүн келечегибиз жок экенин билип, алыстоо чечимин дароо кабыл алдым. Арадан бир жыл өттү.
Азыр оюмдагыдай жигитим бар, жакында баш кошобуз. Ага болгон окуяны айтып бергем. “Кудайым буюрса баары жакшы болот” деген сөзү оозунан түшпөйт. Жигитимдин “сарсана болуп кереги жок” дегенине карабастан, шейшеп текшерүү жөрөлгөсүнөн коркуп жатам. Анткени кыздык белгинин каны башкача болот деп уккам.
Шейшеп текшергенде кан башка өңдө болуп, билинип калбайбы?
Айсулуу

Аргумент.kg