Түрмөдө жаткан Равшан Жээнбеков ЖКга депутат болушу мүмкүн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомчулукка белгилүү болгон чатактан кийин ЖКнын депутаты Жаныбек Абиров өз калоосу менен депутаттык мандатын өткөрүп берди. Эми анын ордуна Бишкек шаарынын Ленин районунда округунда кайрадан шайлоо белгиленип жатат. Бир далай инсандар депутат болуу тилегин билдире башташты. Алардын арасында азыркы учурда түрмөдө жаткан Равшан Жээнбеков да бар. Коомчулуктун айрым өкүлдөрү жана эксперттер кылмыш жолуна тартылгандарды калк колдоп кетүү тенденциясы бар экендигине басым кылышууда. Ушул жагдайдан алып карасак түрмөдо отурган Равшан Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү калган талапкерлерге караганда жогору болчудай. Ошол эле эксперттер бийлик Жээнбековго атайылап тоскоолдук жаратпаса ал бошогон депутаттык орунга барышы мүмкүн болуп жатат. Айрымдар айткандай бийлик төмөндөп бараткан рейтингди кайрадан жогорулатуу үчүн да Равшан мырзага эч кандай тоскоолдук кылбоосун толук мүмкүн

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg