Түрмөдө отуруп наша сатып жүргөндөр кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тартип сакчылары Аламүдүн районунда ири көлөмдөгү баңгизат сатылып келген схеманы таап чыкты. Ага абакта отурган киши, акча алмаштыруучу жайдын кызматкери жана дагы бир шектүү катышканын ИИМден билдирди.

Маалым болгондой, Бишкекте батирди тинткенде 1,45 килограмм афган чарсы (нашаа) чыгып, анын жашоочусун эки айга Бишкектеги №1 убактылуу кармоо абагына жөнөтүшкөн. Тергөөдө кармалган адам баңгизатын Чүйдөгү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кишиден алганын айтып берген. «Товардын» акчасын Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бирине калтырып, ал эми баңгизатты белгисиз адамдар таштаган жерлерден алып жүргөндүгү аныкталган. Кеп болуп жаткан акча алмаштыруучу жайга ал адам кезектеги баңгизатты алыш үчүн 1 миллион сом калтырган. Мындан тышкары, Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгинен таштардын астынан күрөң түстөгү пластилинге окшош кара куурайдын жыты бар, жалпы салмагы 3 килограмм 70 грамм, полиэтилен пакеттерге оролгон төрт бурчтуу формадагы алты брикет табышкан. Алынган заттардын жалпы салмагы 4 килограмм 115 грамм болгон. Атайын операция менен акча алмаштырган жайдын кызматкери кармалды. Абакта отурган адам кармалган киши менен телефондон сүйлөшкөндө кошумча 10 килограмм баңгизат сатып алууну сунуштап, анын акчасын ошол эле валюта алмаштырган жайга калтырууну өтүнгөн. Операциянын жүрүшүндө баңгизаттын кезектеги партиясы үчүн 285 000 сом жана 2000 долларды өткөрүп берүү учурунда «валютчик» камалган. Ал дагы башка шектүүнүн артынан Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына киргизилген. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg