Түркияда болгон табигый кырсыкта бир кыргызстандык жабыр тартты

Түркияда болгон табигый кырсыкта бир кыргызстандык жабыр тартты

07-бирдин айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Түркияда болгон жер титирөөдөн бир кыргызстандык жабыр тарткандыгые Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Аял кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп, жарааты жеңил болгондуктан ооруканадан чыгарылды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон кыргыз жарандары каттала элек.
Анталиядагы консулдуктагы кызматкерлер Адана шаарына барып, муктаж болгон 10 мекендешибизге жылуу кийим, тамак-аш, дары-дармек менен көмөк көрсөттү.
Акыркы маалыматтарды алганда, Түркияда болгон кыйроодон 2921 адам, ал эми Сирияда 711 адам каза болду.