
Туркия мамлекетинде дарыланып жаткан кыргыз жаранын 4,5 жаштагы баласы менен ооруканадан чыгарып жиберишкен
13-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТуркиядагы клиникаларджын биринде баласын дарылатып жаткан кыргыз жаранын ооруканадан чыгарып салган.Бул туурасында баланын апасы Медина Сейталиева ММКларга жарыялаган.
Медина Сейталиеванын айтымында, баласы Аланды дарылатып жаткан.Бирок, дарыланууга кеткен чыгым жетишсиз болуп , алар ооруканадан чыгарылган.Азыр акча муктаж болуп жаткандыктан жардам суроого мажбур болгон.
Маалыматка караганда , баланын мээсинде шишик бар.Медикал Парк жилик чучугун трансплантациялап, лейкоз оорусун дарылап жатат.Эгер баланы тезирээк дарылабаса мээдеги шишик өсүп кетиши мүмкүн.Анын таасири баланы өмүрүнө коркунуч жаратууда .
Учурда , Аланга акча чогултуушууда, алар үчүн бир сом да маанилүү , кайрымдуу жарандардан жардам сурашууда.
Булак:Аргумент кж