Түркияга иштегени кетсем, аялым башка күйөөгө тийип кетиптир

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сламатсыздарбы! Мен азыр абдан оор абалда калдым. Кепкеңеш керек болуп турат. Өзүмдүн психологго барууга убактым да, ашыкча тыйыным да жок. Бир чети уялам. Аялым экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө 19 жылдын жүзү болду. Төрт балабыз бар. Айылдагы тамды жаап, шаардын четинен жер алып, үй салып жашап жатканыбызга он чакты жыл болуп калган. Кичүү кызым экиге чыкканда келинчегим бир тааныш келинге кошулуп, Түркияда иштеп акча тапмай болду. Башында каршы болдум. Бирок келинчегим «чоң тамды толук бүтүрүп кирели, эртең балдар чоңойсо, ушинтип жүрө беребизби?» деп туруп алганынан макул болгом. Анткени менин айлыгым деле тамак-аштан, балдардын окуусу, кийим-кечесинен ашпайт. Өп-чап жашоодон тажай баштаганбыз. Ошентип эки жыл мурда жайында Түркияга кеткен. Балдарым каникулда бири-бирин багып жатышты.
Эртеден кечке жумуштамын, мен деле кара жумушта иштейм. Алгач аялым иш таба албай жүрдү окшойт, кийин «жумуш таптым» деп акча салып жаткан. Анан бир жыл өтүп өзгөрө баштады. Сөзү бөлөк. Балдарды сураганы менен деле мурункудай күйүп-бышпайт. Сурасам «жумуш оор» деп коёт. Мурункудай бир үй-бүлөдөй болуп оокаттын камын сүйлөшпөй калдык. Мен сүйлөгөн менен ал балдардын кем-карчын сурамыш этип, акча салат. Видеочалууну да албай баштаганда шекшип калдым.
Бир күнү такып сурап жатып, уруша кеткенде бир түрккө тийип алганын айтып жатпайбы! Ушундай бир кызык эле абалда калдым. Жиним келди. Башында ызам менен анда-мында ичкилик ичип коюп жүргөм. Энесинин кылыгын балдарга айта албадым. Ага-тууганга деле ооз ачкан эмесмин. Достор укса шерменде болом го деген ой менен аялыма «кайра кел, адашпа, жашайлы» деп да көрдүм. Жок, болбойт.
Эми келип, мыйзамдуу ажырашып, үйдү, балдарды талашарын айтты. Мен «бербейм» деп жатам. Тааныштар, кошуналар, достор эмне дейт? Мага 200 миң сом сунуштап, «айылдагы тамды оңдоп ал, муну мага калтыр» деп жатат. Түркияда жашаса, бул тамды эмне кылат, түшүнбөйм. Бир чоң бөлмө зал, кире бериш улап койгом. Эки жылдан бери балдардан деле алыстай түшсө керек. Улуу балам менен кызыма энесин ачык айтсамбы? Өткөөл курактагы немелерден коркуп жатам. Бирөөдөн укса катуу тийет го деп да чочулайм. Кызынын жоругун билсе төркүндөрү деле туура эмес көрсө керек. «Сырын билгенден кийин кайдан жибердим эле» деп бир чети өзүмдү да жеп жатам. Мурда да бир турмуш куруп, ажырашып кеткен эле. Мени ойлобой эле койсун, кенедей балдарды ойлобойбу… Балдарга, ага-тууганга айтканым туурабы? Же көрө жатарбыз деп жүрө берсемби? Теңтуштарга эмне дейм?
 

Аргумент.kg