Түркияда кыргыз келинди кайнатасы бычактап, денесин жиликтеп салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түркияда эркек киши Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышууда.

Каргашалуу окуя Текирдаа шаарында болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, 65 жаштагы Фехми 2 баланы тарбиялап келген 31 жаштагы келини Аят А. менен уруша кеткен. Окуя болгон күнү күйөөсү үйдө болгон эмес.

Фехми менен Аяттын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында кайната келинин бычактап салган. Келининин денесин жашыруу үчүн аны жиликтеп бир бөлүгүн таштандыга ыргытып, экинчисин багажга салган.

Бул убакта өлтүрүлгөн аялдын кайненеси үйүнө кайтып келип, окуядан кабардар болуп, коңшуларынан жардам сурап кайрылган, алар өз кезегинде полиция чакырышкан.

 

Аргумент.kg