Түркияда интимдик кызмат көрсөткөн кыргыз кыздары аныкталды

Түркияда интимдик кызмат көрсөткөн кыргыз кыздары аныкталды

12-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Түркиянын Ялова шаарында сойкулукка бөгөт коюу боюнча масштабдуу операция өткөрүлүп, анда сойку болуп иштеген бир нече чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

“Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн 10 жараны казинолордо иштеп, сойкулук үчүн чакырылган даректерге жөнөтүлүп турган. Сойкулар даректерге эле эмес, мектеп автобустарында дагы интимдик кызмат көрсөткөн экен”, – деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, 19 жаштагы А.М. аттуу Кыргыз жараны боюнан алдыргандан кийин сойку болуп иштөөгө мажбурланганы кабарланды.