ТҮРКИЯДА 30 МИҢ, КОРЕЯДА 14 МИҢ АЛ ЭМИ ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭМГЕКТЕНЕТ?

2-июнда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясында 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-майына чейинки аралыгында Кыргыз Республикасындагы тышкы миграция абалы талкууланды. Жыйынга мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Азамат Асанбаев баштаган тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Азамат Асанбаевдин маалыматына караганда, азыркы учурда болжол менен 710 миӊден ашуун эмгек мигранты чет өлкөлөрдө жүрөт. Мисалы, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ, дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ошону менен катар А.Асанбаев Орусиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйү болгон тыюу салынган тизмеге (“кара тизме”) кирген мекендештердин санын кыскартуу боюнча дагы иш алып барып жаткандыгын айтты. Мындан сырткары, чет өлкөгө жумушка орноштурам деген  ар кандай компаниялардын ишине КР Ички иштер министрлиги менен бирге көзөмөл кылынып жатканын кошумчалады.
Мамлекеттик миграция кызматынын орун басарынын айтымында, жалпы кайрылмандардын саны 39131ди түзөт. Бүгүнкү күндө өз мекенине келип жаткандардын агымы уланууда. Ал эми Ооганстандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү быйыл да мерчемделип жатканын айткан Азамат Асанбаев Кыргызстанга качкын макамын алууга Сирия, Ураина, Иран, Кореядан келген жарандардын жалпы саны 1179жу түзөөрүн кошумчалады.
Булак: Каганат

Аргумент.kg