Түрк күйөөм Кыргызстанга кое бербей жатат. Эмне кылсам?
16-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы. Мен башымдан өтүп жаткан окуяларды баяндап анан менин ордумда болсоңор эмне кылат элеңиз деп сурагым келип жатат?
Мен 19жашымда Түрк жигитке турмушка чыктым университетти таштап баса бердим. Жашообуз жакшы эле өтүп жаткан 2кыздуу болдук. Күйөөм аябай жакшы көрчү үй жумуштарын баарын жасап жардам берип эле жүрчү. Баары мен үйдү сагындым барып келейин дегенден бери 360′ өзгөрдү күнүгө уруш талаш акча жок өзүң тап деп. Чындыгында эле жок бирок ата-энеси колунда бар эле сурабайт. Бүгүн кайненем менен сүйлөшкөнүн угуп калдым акча бербе кетсе келбей койот балдардын бирөөсүн алып кал деп жатыптыр. Жиним келип жүрөм айтып салсамбы силерди уктум деп?
Акча каткан жерин билем кыздарымды алып кетип калсамбы. Кеңеш бериниздерчи күйөөм мен тарапта эмес экен аябай ыйлап жатам