Тургун 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аламүдүн райондук милициясы жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатканын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 39 жаштагы А.А., аттуу жергиликтүү тургун 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаганы аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен катталган.

Шектүү Жазаларды аткаруу мамлеттик мекемелердин бирине киргизилген.

Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Аргумент.kg