Турат Акимов: «Эгерде Кытай Путинди колдосо – анда доллар чөгөт, а масондор чөгөлөйт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин саясатчы Турат Акимов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Эгерде Кытай Путинди колдосо – анда доллар чөгөт, а масондор чөгөлөйт.

«Доллар — это геополитическое оружие», деп жазгам. Ошодон кийин менден сурашты: «Доллар эмне болот?, — деп».

Менден жооп:

Бүгүнкү Украина кырсыгы — бул геосаясий согуштун жаңы табы (этап). Анткени бул тиреш илгерки Наполеондон бери уланган кагылышуу. Украина жаңы отун катары эле.

Геосаясий майданда СССРдин ордуна жаңы гегемон пайда болуп келе жатат — бул Кытай. Эки салмактуу мамлекеттерди бирдей жок кылалбай АКШ экономикасы түшүп кеткен РФ башташты. Себеби ичинде агенттери жана 5 колоннасы көп, Кремль өзү да чоң мафияга айланып сатылып калган.

Путин бийликтен кетсе масондор Орусиянын жок кылышы толук мүмкүн болот. Бул киши бүгүн — Орусиянын акыркы империялык үмүтү десек болот. Анткени Орусияда туруктугу жок (олку-солку) саясий система орноп калган. Ошондуктан, ВВП ордуна же либерал Горбачев-Навальный-Немцовтор келет, же Хрущев-Ельцин сыяктуу эпатажниктер.

Орусияга күч алыш-да кыйын. Себеби, бүгүнкү Орусия — бул улуттук, социалдык, экономикалык же геополитикалык бириктирүү доктринасы жок мамлекет. Путин күчтүү кезин кетирип алды. Менимче Орусия өз элине жана дүйнөгө Социализм доктринасын сунушташы керек эле, анткени эли социалдык теңдикте суугарылган, бирок Кремль жапайы капитализм менен алек болду.

Эми доллар боюнча.

Мындан ары Путин долларды жок кылганга чоң аракет кылат, тымызын көбү аны колдойт. Анткени 30% дүйнө кенчи РФ камтылган. Эгерде Кытай Путинди колдоп кетсе (по проекту антидоллар) анда доллар даана чөгөт, а масондор чөгөлөп калат. Долларды жалгыз женгенге Орусиянын күчү жетпейт.

Азырынча сүйлөшүүлөр болушу абзел, жаңы интервалюта чыгыш керек, аны көп жолу такташ керек – убакыт керек.

PS. Масондор Орусияны колго алганда кийн 100% Кытайды чабат, орус ядер куралын Кытайга каршы бурат — булар Японияны 2 жолу атом менен бомбалаган (Хиросима жана Нагасаки шаарларын). Өздөрү Америкада тынч отура берет…», — деп белгилеген ал.

Аргумент.kg