Түптө 4-класстын окуучусун өгөй атасы бир жыл бою зордуктап келген

Түптөгү балдарга жардам берүү борборунун директору Назгүл Осмонова ЫсыкКөлдө 4-класстын окуучусун бир жыл бою өгөй атасы зордуктап келгенин айтып чыккан. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «- Үстүбүздөгү жылдын 29-июль күнү Түп РИИБге 1975-жылы туулган жаран кайрылган, арызында жарандык никедеги жолдошу 1962-жылы туулган Түп айылынын тургуну 2010-жылы туулган кызын эч кимге билгизбестен күч колдонуп зордоп жүргөнүн билдирген. Факты Түп РИИБге катталып, Жазык кодексинин 154-бернесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүшүндө, милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары Түп айылынын тургунун үйүндө колго түшүрүшкөн. Түп райондук соттун чечими менен, шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Иш боюнча баардык соттук экспертизалар дайындалып, шектүүнүн күнөөсү толук далилденип, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 31-август күнү кылмыш иши Түп районун сотуна жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Аргумент.kg