Түмөнбай Колдошев университеттин кассасына көз артып бардыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Маданият жана искусство университетине Түмөнбай Колдошев ректор катары кабыл алынбай, коллективи каршылык көрсөтүп, сын-пикирлерди айтышканы ЖМКларга жабырады. Кайрылуу жасаганга чейин барышты. Бирок бийликтин күчү менен Колдошев креслосуна отурду. Чындыгында өнөр адамдары өздөрүнүн ичинен чыккан татыктуу талантты, менеджер уюштургучту башчы кылууга далалаттанышкан. Тилекке каршы, “токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет” дегендей, бара-бара тынчып калышты. Убактылуу го? “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, Колдошев университеттин кассасына эле көз артып бардыбы? Бул жагы жогорку төбөлдөр тарабынан да тамаша-чыны аралаш айтылганы кандай? Колу туткак эмеспи? Айтор, суроолор арбын. Министрдин орун басары катары милдеттерин так аткара албай, алдастап калган адамдан эмнени күтөбүз? Кичине чыдай тургула. Күлү бир жерге додо болбогон Түмөнбайыңар түйүлө калбаса, “кой терисин жамынганына” жакында ишенесиңерби? Коңгуроо кагып коюу биздин милдет.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg