Туманбаев келечекте Ташиевден бийлик талашабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Садыр Жапаровдун мөөнөтү бүткөндөн кийин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого аттанып, өз бактысын сынап көрөрү божомолдонуп келет. Негизинен элита катмарында ушундай сөз орун алууда. Башынан мамлекет башчылык орун түндүк-түштүк лидерлерине алмак-салмак ыроолонуп келатканы тегин жерден эместир. Дал ушундай буйрукту өзүнө оодарып алууга дилгир, эмитен эле “Кыргызстандагы үчүнчү адам” деген сөздү чыгарткан Каныбек Туманбаевдин таасири артып баратат. Президенттин иш башкармалыгын жетектеп туруп, кадр саясатына каалагандай аралашканы, ар кандай акчалуу долбоорлорго башын салганы, айтор, чын эле өзүн өлкөдөгү маанилүү адамга айландыргысы келгени байкалууда. Баардык тармактарга кадрларын “сайып” атканы, миллиондорду басып койгону, сөзүнүн өтүмдүүлүгү алдыга сүрөйбү? Эмитен эле президенттик шайлоого даярдана баштаса, негизги талапкер Камчыбек Ташиевди жыгып түшүүгө киришсе, соңку аламанда катуу чыгары шексизби? Каныбек Туманбаев Жалал-Абаддан болот. Бул жагынан да таасир талашууга, аймактан өзүн гана койкойтуп алдыга чыгарууга батынса керек. Ооба, биздин божомол, анализдердин пайдубалы азыр түптөлүп калса, көмүскөдөн катуу киришүү менен саясый аба майданын өзгөртпөй жаны жокпу? Ошондо Туманбаев келечекте Ташиевден бийлик талашып, үстөмдүгүн көрсөтүүгө бел байласа, эл эмне дейт?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg