“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“ТС Групп” курулуш компаниясынын башкы директору Алмаз Тиленов кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште алтын байгени багындырып, дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбековага бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Ал социалдык тармактагы баракчасына анын жеңиши менен куттуктап:

“Үй-бүлөмдүнатынан жана биздин курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып аткан «Сулайман Тоо» аттуу турак жайынан 1 бөлмөлүү батир белекке берели деп чечтик.Дайым Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз!Биздин куттуктообузду жана белегибизди кабыл алып коюңуз. Сиз Курманжан Датка,ТаттыбүбүТурсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эң мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс из калтырдыңыз!” – деп жазды ал.

20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Тыныбекова – Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун багындырган алгачкы спортчусу болду.
Булак:»Заман.кж»

Аргумент.kg