Транспорт жана айдоочуларды каттоо департаментиндеги жемкорлук иликтенет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментиндеги жемкорлук боюнча «Азаттыктын» кабарчылары видеого тартып көрсөткөн жагдайды Мамлекеттик каттоо кызматы териштирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов «Азаттык» радиосуна билдирди:
-Кызматтык иликтөө жүрөт. Эртең-бүрсүгүнү ыкчам комиссия түзүлүп, иштей баштайт. Анын жыйынтыгын сөзсүз сиздерге кабарлайбыз.
«Азаттыктын» кабарчылары жашыруун камера менен тартып, 4-декабрда жарыялаган видеодо Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментиндеги кезек күтүү, ортомчулар жарандардан акча алып, жең ичинен иш бүтүрүп жаткан учурлар көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу аталган департаменттин жетекчиси ноябрда коррупцияга айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынган. Бул мекеме эл арасында эң коррупциялашкан ишкана катары айтылып жүрөт.

Аргумент.kg