Депутат Сулайманов:Транспорт министри аферист,көп акча жеген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн ,Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ маселелер каралды.Ошол менен катар депутат Кундузбек Сулайманов транспорт жана коммуникация министрлиги акча жээп жатканын айтты.

Депутат Сулайманов жыйында , «Кыргыз автожол» мамлекеттик мекемеси менен Кеминдеги жол тейлөө ишканасында 300 тонна битумдун дайыны чыкпай калганын , Баткенде жол кургандар 40,8 миллион сомду кымырып алышканын эске салды.

«Ушуларды токтотсо болбойбу, ыя? Бул жагынан камап деле жатат, ары жагынан жеп деле жатат. Илгерки стереотиптен чыга албай жатышабы, түшүнбөй да калдым. Кандай министр, жетекчи келбесин, баары эле жеп жатат го. Биз бул жакта битум жок деп былтыртан бери асфальт төшөтө албай жатабыз, булар жегенин койбойт. Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүндө көпүрөнүн бүтпөгөнүнө алты жыл болду. Министр бир жылдан бери «азыр баштайбыз» деп эле жүрөт», — деди Сулайманов.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg