«Трансексуалист» уйду этке төгүүгө каршы чыккандар каражат чогултушкан
28-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваПольшада букага түспөлдөш уйдун өмурун сактап калууга ЛГБТ активистери каражат жыйнап жатышат. Бул тууралуу Корреспондент.нет маалымат агенти жазып чыкты.
Маалыматта, Польшанын Мазура аймагында сырткы келбети букага окшогон уй тукум улабагандыктан улам этке төкмөкчү болуп сатууга жарыя кылат. Уйдун келбетин көргөн ЛГБТ активистери трансексуал уйдун өмурун сактап калуу максатында каражат жыйнап башташкан. Алардын айтуусунда “Тарнсексуалист болуп туулуп калган уй өлүмгө татыктуу эмес”-дешет. Ал эми ветеринар болсо уй буга чейин эгиз тууп, жатынынан айрылып калганын айтып, эч кандай трансексуалист эмес экенин тастыктоодо. Ошондой эле жаныбарларда андай сезим болбой турганын билдирген.